Датасы: 17.04.2020
Формат: mp3

Жаралап жүрөгүмдү
Жаркытып күлөмүңдү
Эх сүйүү, сүйүү
Күүгүмдөп жүрөгүмдү
Күмүштөп күлөрүмдү
Эх сүйүү, сүйүү
Ак таңдай сүрөрүмдү
Арманга ширедиңби
Ох сүйүү, сүйүү
Арзуу деп бир өзүндү
Аруулайм тилегимди
Ох сүйүү сүйүү
Ак башат булактайсын
Сүйүү сүйүү
Ак жарык чырактайсың
Сүйүү сүйүү
Асыл кечим чырактайсын
Сүйүү сүйүү
Күлмүң жаш курактайсын
Эңсетип кусаланткан
Жеткирбей жазаланткан
Ох сүйүү сүйүү
Сызылып мууңга баткан
Сыр төгүп ырлар аккан
Ох сүйүү сүйүү
Бактыма башын каткан
Багымды жашылданткан
Эх сүйүү сүйүү
Айтылып ал муздактан
Өлбөстөн асыл заттан
Ох сүйүү, сүйүү

Сыймык Бейшекеев — Сүйүү, сүйүү тексти: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *