Айпери Кулбаева — Кызыма тексти

Көчүрүү (скачать)
1 чи Like басыңыз.

«Жан кызым» деп мен колуңдан жетелеп,
«Апакелеп» куурчак ойноп секелек.
Ар нерсени сурай берген божурап,
Кыз болчусуң, чачы өрүмгө жетелек.
Кайырма:
Мейли кызым барагой,
Бактыңды издеп табагой.
Айдай болуп жаркырап,
Жылдыз болуп жанагой.
Ак жол кызым барагой,
Бактыңды издеп табагой.
А, дегенде, ай кызым,
Кайненеңе жагагой.
Алыш үчүн апакеңдин мурасын,
Чоң турмушка аттанганы турасың.
Адебиңе, алган жарың арзысын,
«Кайсыл жердин кызы экен?» деп, сурасын.
Кайырма:
Ак жолтой бол, алганыңа терең бол,
Кабак түйбөй, кайын журтка кенен бол.
Турмуш кандай көрсөтсө да сыноосун,
Жарың менен бардыгына белен бол.

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Саламат Садыкова. Кыргыз жери тексти жана mp3983
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти345
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти195
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти170
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти139
Мирлан Баеков - Оксук ыры тексти136
Ak Orgo Boys & AB-92 — Уча бер үмүтүмдүн каркырасы108
Ak Orgo Boys & AB-92 — Апоу102
Жан Сабыров — Жаным сен101
Данияр Эрматов - Мен кыргызмын тексти100

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.