Жашоо жакшы жер басып күн көрсө адам,
Кудайдын бул дүйнө деген гүл багында
Бул жашоонун кумарына канып-канбай,
Кербен сымал келет адам, кетет кайра
Ушундай экен, айтың достор
Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн.
Кайырма:
Жолугушабыз, жолугушабыз, жолугушабыз,
Ширин арзуу, үмүттөргө чулганалы.
Кетер дүйнө көңүлдөрдү капалантпай,
Чын жүрөктөн сагынышып жолугалы.
Бул дүйнөнүн өмүр деген дайрасында
Учат күндөр, ай-жылдарга алмашып.
Жакшы адамдар көп болгула арабызда,
Жакшы сөзүн айтып көңүл кубандырган.
Ушундай экен, айтың достор
Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн.
Кайырма:
Айжамал Кабылова — Жолугушабыз тексти
Датасы: 26.09.2020 Көрүүлөр: 9569