Датасы: 04.10.2020
Формат: mp3

Үйү болгон эзелтеден көктө жылдыздын,
Көркү ажайып, көз тандырган ээси чындыктын.
Ала-Тоодо ат салышып, бүркүт таптаган,
Мен уулумун шамал жиреп, өскөн кыргыздын.
Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.
Уламалуу уясындай ыйык нур куттун,
Уюткулуу улут болуп устун тургуздуң.
Кыйындыкта оттой жанып, белин чечпеген,
Мен уулумун көз ирмебес, баатыр кыргыздын.
Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.
Түпкүлүгүн түптөп бекем, жашоо-турмуштун,
Түк буздурбай сактап боосун таза чындыктын,
Бүт чегелеп түндүгүнө жылдыз кадаган,
Мен уулумун кут ширеткен чебер кыргыздын.
Сыймыктанам, мактанам, жер жүзүнө жар салам,
Мен кыргыздын, мен кыргыздын, мен кыргыздын, уулумун.

АК ШООЛА балдар хору — Мен кыргыздын уулумун тексти: 66 комментарий

    1. Могул мен кыргызмын деген 3жолу анан мын кыргызмын да силер мен кыргыздын деп койупсуңар

    1. Могул мен кыргызмын деген 3жолу анан мын кыргызмын да силер мен кыргыздын деп койупсуңар

  1. Ооба абдан жакты бирок жанагы куплеттен жассаңыздар түшүнүктүүрөк болмок бирок мага жакты

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *