Терезеңди черткилеген жазгы жамгыр
Билесиңго жүрөктө арман барын
Караңгы түн сыртта жамгыр себеледи
Жүрөгүмдү махабат ай жемеледи
Баргым келет мен сага баргым келет
Бар сырымды өзүңө айткым келет
Баргым келет мен сага баргым келет
Бар сырымды өзүңө айткым келет
Көз мончогун өзүңө таккым келет
Тумарымсың жүрөгүмдө жалгыз өзүң
Кумармын уккум келет назик сөзүң
Таарынбай садагасы өзүң келчи
Жүрөгүмдүн дарысы болуп берчи