Көкөлөтөм ак куу болуп берсең,
Наристедей сени эркелетип.
Көлдөн көлгө конуп-учуп кетсең,
Калайын суктанып.
Сенин кара көзүң,
Айткан ширин сөзүң, элестеп ар дайым.
Жүрөм эстеп элесиң,
Кайра качан келесиң, караймын мен асманга.
Кайырма:
Сүйүү сезимге берилип,
Жүрөгүм жалгыз эригип,
Сүйүү ырын ырдап сага гана арнап.
Сүйүү сезимге берилип,
Элесиң түшүмө кирип.
Сагынган сайын,
Учкум келет ар дайым.
Көпөлөк болуп түшкө кирсең,
Кондурамын алакан жайып мен.
Гүлдөн гүлгө конуп, учуп кетсең,
Калайын суктанып.
Назик сенин мүнөзүң,
Сени гана сүйөмүн, элестеп ар дайым.
Жүрөм эстеп элесиң,
Кайра качан келесиң, караймын мен асманга.
Алькамиль — Учкум келет ар дайым тексти
Датасы: 08.10.2020 Көрүүлөр: 372
Браво
Браво