Кыраан барчын качырды
Канатын желге сапырды
Кыраакы калтар кылт коюп
Бадалга кирип жашынды

Жаш түлөк барчын болобу,
Жашынганга коёбу,
Жакшылап тапка кирбесе,
Жагалмай туурга конобу.

Жактырып калтар атыңды,
Жаш барчын көп жыл качырды
Текөөрүн ачып бир сермеп,
Күйүтү анын басылды.

Жашынып жүрүп бадалга
Жүралбай эркин аралда.
Жүдөгөн кезде ак калтар
Үйралган экен адамга.

Ак калтар коюп атыңды,
Аялдан башка затыңды.
Балапан саңоор жетилип,
Барчындын үнү басылды.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *