Текшерип албай сүйүүнүн
Бузугун тандап алыпмын
Башкасын алып келгенге
Барайын десем алысмын
Сыртынан жакшы көрүнсө
Алууга карай шашканым
Жүрөгүм кабыл албады балким
Сүйүүсү окшойт башканын
Кайырма:
Аз болсо дагы өткөрдүм эй өткөрдүм
Күндөрдү жакшы жаманды
Башында айтсаң болмок да
Убара кылбай адамды
Чала жан кылбай адамды
Башкага ыра көрө албай
Жан дүйнөм кейип энтигет
Сен сүнгөн адам сени да
Сүйө алар бекен менчилеп
Алдыга келген бакытты
Тепселеп такыр теппей жүр
Кубалап салбай жүрөктөн
Кээбирде мени эстей жүр
Абдан соонун чыгыптыр
Ооба өтө сонун жакты. Бирок, сен сунгон адам сени да эмес. Сен сүйгөн адам сени да болушу керек эле ошол жерин оңдоп койсоңор жакшы болмок✊. Бирок ырда сөз жок ваще класс❤️
❤️
Бардык жерде ката чыгат да может жазылып кеткендир
Ыр сонун.Алмаз Шаадаев барган сайын такшалган кыйын ырчы болуп келе жатат Ат Башылыктар кыйын да негизи.Азаматсын.Чыгармачылык ийгилик
Сонун
Ыр сонун екен
Оа абдан сонун жакты чыгармачылыгыңызга ийгилик