Ай чыгарын күтүшкөн күндөрүбүз,
Тандап терген татына гүлдөрүбүз.
Сен мага деп, мен сага сунар элем,
Өмүр бою үзүлбөй күдөрүбүз.
Кайырма:
Жашоо-турмуш өзгөрүлөт турбайбы,
Жаштыгымда ойлобопмун мындайды.
Эскерели өткөн күндү санаалап,
Эстеликке эскеришер күн калды.
Ай асманда жылмайып турар эле,
Мээрим төгүп жакындык сураар эле.
Түбөлүккө бир болуп жүргүлө деп,
Асыл кебин кулакка куяр эле.
Кайырма:
Ай чыгарын күтүшкөн күндөр калды,
Тандап терген татына гүлдөр дагы.
Сезимдеги сакталган ал күндөрүм,
Көрүнбөй ал күндөрүм артта калды.
Кайырма:
Алтынай Нарбаева — Күтүшкөн күндөр тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 4510
Мээрим менен эмес. Мээрим тогуп жакындык сураар эле.
Рахмат, оңолду.
Мээрим менен жакындык сунаар эле