Кой тырынба, унутпаймын эсимдесиң,
Комуз кылдай толгонуу сезимдесиң.
Карап көрчү капалуу кабагымды,
Кантип андан сагыныч сезилбесин.
Ээ, ла,ла,лай.
Көрсөмчү деп өзүңдү күйөт көзүм,
Көпкө тиктеп турганды сүйөм өзүм.
Бар экен да жүрөгүм, сенда барсың,
Анткени сен ар дайым жүрөктөсүң.
Ээ,ла,ла,лай.
Жүрөктөшүм көңүлүмдүн өзүндөсүң,
Алтынай Нарбаева — Таарынба тексти
Датасы: 24.10.2020 Көрүүлөр: 1670