Көзүң айнек, тилин бал,
Көп адам сизге ынтызар.
Жагалмай канат кашың бар
Жайылган кара чачың бар

Жаагыңдан чыккан саамайын
Калтардын тал-тал жүнүндөй.
Тамаша кылып бир турсаң,
Таң мезгили билинбей.

Салкындап бассан иреңиң
Саардагы чолпон жылдыздай.
Адамдан нускаң бир бөлөк
Арманда кылган тургузбай
Бетиңден жыттап сыласам,
Бейилиң жакшы Ак Бакай.

Кубуласың, сүйлөйсүң,
Куйруктуу сары жылдыздай.
Сунган менен кол жетпейт,
Суу түбүндө кундуздай,
Суктандырып күлгүзгөн
Сулуусуң жаштан Ак Бакай,
Күйдүргү тамак, күйкө көз
Күйдүрдүң Бакай жалжал көз.
Айлыңдын четин таба албай
Арманда болдум жарым эс.

Балалык жаштык дооруң бар
Базардан кызык ойнуң, бар.
Бак алма бышкан койнуң бар.
Жетише албай, көрө албай
Көп адам жүрөт дардизар.

Билегиндин актыгы,
Билериктин аздыгы.
Атагыңды чыгарып
Ак Бакай деп ырдадым.
Ачылды алтын сырларым.
Көк ойго тартып эл конот.
Көргөндөй жүрөк дем болот,

Сары жон ылдый эл конот.
Санасам ичим дем болот.
Өрдөк эмес, чүрөгүм,
Өлкөдө кошкон тилегим.
Шуру менен берметиң
Суктандырат келбетиң.

Кекиликтей бедерин
Келтирип таккан седебиң.
Байкасам элден бөлөкчө.
Башкача сенин сүрөтүң.
Курбу, курбу, курбундан
Куюлуп түшкөн мурдуңдан,
Калган көңүл, чыккан жан
Кайрылып келбейт мин жылдан,
Өрдөктөй болгон мойнундан,
Өлүгүм чыксын койнуңдан.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *