Датасы: 11.07.2020
Формат: mp3

Күтүүгө чыдамым аз көрүнөмүн,
Күйүттүн ызасына чөмүлөмүн.
Алыстап кетсең дагы маңдайыңа,
Асмандан жылдыз болуп төгүлөмүн.

Ашыгып тоо суусундай чамынамын,
Ар дайым сен тарапка агыламын.
Алыста, жакын жерде жүрсөң дагы,
Ар дайым ак маралым, сагынамын.

Саргайтпай ачык жообун бересиңби?
Сагынып медер кылам элесиңди.
Таңдагы тармал бутак болгум келет,
Талпынып, чертип турган терезеңди.

Асанкалый Керимбаев — Ак маралым тексти: 3 комментарий

  1. Саламатсыздарбы! Ишиниздерге ийгилик каалайм. Менде бир сунуш бар ырлардын авторлорун жазып койсонор ото сонун болмок. Чон ырахмат!

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *