Отту кечип ойногон,
Оюнга, ишке тойбогон.
Оомал-төкмөл дүйнөнүн,
Оош-кыйышын оңдогон.
Ооргуп-баргып күч-кубат,
Ооруу-сыркоо болбогон.
Ошол кыргыз бий менен,
Ойдолоктоп ойгоном.
Кайырма:
Эриндери бүлкүлдөп,
Үкүлөрү үлпүлдөп.
Кыздар бийлейт ийиктей,
Ийиндери сүлкүлдөп.
Карек күйгөн биликтей,
Чарчаганды билишпей.
Бийге дене жибитпей,
Турган жигит жигитпи эй!
Шамал менен жарышкан,
Шам тилегин жагышкан.
Шаан-шөөкөттүү кыргыз эл,
Шаабайы аткан жарык таң.
Шарактаган келин-кыз,
Шайдоот жигит бери чык.
Шай оогончо бийлейли,
Шалкылдасын дене ысып.
Кайырма:
Бүткөн бойлор дүркүрөп,
Жигит сүрү күркүрөп.
Бийде кубат, күлкү көп,
Бийле турбай мүңкүрөп.
Бийле кары жаш дебей,
Бийле кубат аз дебей.
Бир келген бул өмүрдө,
Бийлеп турган жакшы эмей.
Ооба
Кыргыз бий.
Бизге бул музыка абдан жагат
Биз бул бийге 7-классыбыздан бери ар бир концертте бийлеп келе жатабыз буйруса 11- класска чейин бийлейбиз N○29
Аалы Турабаев атындагы орто мектеби
8-класс
Магада жакты
Кандайсынар и др с