Жалгызмын неге деп
Кереги жок убайымдап
Тагдырдын койгону бар
Атайын сага дайындап
Жети өлчөп бир кес
Түбөлүк бактыңды
Сезимиң жок болсо
Кетирбе баркыңды
Сүйлөшөт ал чындык
Жакын алба сынды
Күт келер бактыңды
Сүйбөй туруп, сүйүктүүсү болгончо
Көңүлүң жок, бирок чыдап койгончо
Жалгыздык сезилет жакшыдай
Тереңирээк терең ойлонсоң
Сүйбөй туруп, сүйүктүүсү болгончо
Көңүлүң жок, бирок чыдап койгончо
Жалгыздык сезилет жакшыдай
Тереңирээк терең ойлонсоң
Нур чачып күндөрүң
Өзүңдү сүй, гүлдөгүң
Ушул деп, белги берет
Сүйгөнүн тапса жүрөгүң
Кайырма:
Жети өлчөп бир кес
Түбөлүк бактыңды
Сезимиң жок болсо
Кетирбе баркыңды
Сүйлөшөт ал чындык
Жакын алба сынды
Күт келер бактыңды
Сүйбөй туруп, сүйүктүүсү болгончо
Көңүлүң жок, бирок чыдап койгончо
Жалгыздык сезилет жакшыдай
Тереңирээк терең ойлонсоң
Сүйбөй туруп, сүйүктүүсү болгончо
Көңүлүң жок, бирок чыдап койгончо
Жалгыздык сезилет жакшыдай
Тереңирээк терең ойлонсоң
Жеткениңде балакатка
Ээрчип баштайт, сөздөр арттан
Теңиңди тап эртелетип
Неге сага эч ким жакпайт?
Деген сөздү уга берип
Балким бирөө өзүн таштайт
Тааныбаган, жактырбаган
Адам менен жашоо баштайт
Андайдын эмне кереги?
Сүйүү бар бийик себеби!
Ишенген адамың менен
Өмүрдү сүргүң келеби?
Намысынды бийик сактап
Жакыныңды жер каратпай
Өз жашооңду өзүң боёп
Дүйнө кезип, саякатта!
Кайырма:
Сүйбөй туруп, сүйүктүүсү болгончо
Көңүлүң жок, бирок чыдап койгончо
Жалгыздык сезилет жакшыдай
Тереңирээк терең ойлонсоң
Сүйбөй туруп, сүйүктүүсү болгончо
Көңүлүң жок, бирок чыдап койгончо
Жалгыздык сезилет жакшыдай
Тереңирээк терең ойлонсоң



