Туугандарым, сүйүнчү!
Бүгүн биздин үйдө,
Уул бала төрөлдү,
Теңдеши жок күнгө.
Апа сүтүн аймалап эмгениңди көрөйүн,
Ата атын чапкылап мингениңди көрөйүн,
Муйдусунан өбөйүн.
Кайырма:
Апасынын баласы,
Атасынын баласы,
Өсө бергин чоңоюп ,
Тийсин элдин батасы.
Карап, карап окшоттум,
Жылдыз жанган айга.
Анан дагы окшоттум,
Чолпон жылдыз, айга.
Апа сүтүн аймалап эмгениңди көрөйүн,
Ата атын чапкылап мингениңди көрөйүн,
Муйдусунан өбөйүн.
Кайырма:
Аваз Акимов — Муйдусунан тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 4085
Мага жакты