Көңүлдүн черин жазып, үстүдөн сүйүү чачып
Жол түшүп сүйгөндөргө жолуккан кандай бакыт
Гүл кармап колдорума, бактылуу болгонума
Мен сени көрүү үчүн баратам жолдо мына.
Артылып колдор аста, арбалып махабатка,
Ээрчишип кетеличи арманды таштап артка.
Өмүр аз ойлоп көрсөң өкүттө калба эртең
Эритип жүрөгүмдү эркелеп алчы, эркем.
Гүл кармап колдорума, бактылуу болгонума
Мен сени көрүү үчүн баратам жолдо мына.
Өмүр аз ойлоп көрсөң өкүттө калба эртең
Эритип жүрөгүмдү эркелеп алчы, эркем.
Автандил — Баратам жолдо мына тексти
Датасы: 19.09.2020 Көрүүлөр: 9683