Датасы: 26.10.2020
Формат: mp3

Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.
Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты — бульварым.
Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.
Сергектентип кары-жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм — бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.

Азамат Сарыбаев — Бульварым тексти: 22 комментарий

  1. Гул жыттанып суйкомдонот бульварым
    Фрунзени кундо жаны корк кошуп муну эле унутупсуз

  2. Сөөлөтүндүн деген Дөөлөтүндүн деген болот

    1. Сөөлөт деген да сөз бар, мааниси жагынан туура эле

  3. Сооонун ыр биз буну жаттап атабыз хорго музыка сабыгынан дагы мага жакеты бул ыр

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *