Алло, алло, бул сенсиңби? Кандай? Салам!
Ооба, ооба, тааныдыңбы? Жүрөм аман.
Качан келдиң? А мен болсо күттүм сени,
Сагынычым күйүп, күчөп санаам.
Кайырма:
Жолугалы, гүлүм, жолугалы,
Жоодурашып жолоочудай кеп куралы.
Табигаттын жыпар гүлүн бирге тутуп,
Жолугалы, гүлүм, жолугалы.
Телефонду шыңгыратып бир далайга,
Жооп угам, ал келет дейт ушул айда.
Бирок бир күн бир кылымга тете болуп,
Шыңгыратып сурайм кайра, кайра.
Кайырма:
Алло, алло, бул сенсиңби? Кандай? Салам!
Ооба, ооба, тааныдыңбы? Жүрөм аман.
Качан келдиң? А мен болсо күттүм сени,
Сагынычым күйүп, күчөп санаам.
Азат Болотбек — Жолугалы, гүлүм тексти
Датасы: 13.08.2020 Көрүүлөр: 5064