Демиңди кыспа такыр дем ал элим
Көзүңдү жумба такыр өчпөсүн сенин демиң
Бул башка келген илдет чоң биримдиги
Кайырма:
Жаша кыргыз жаша элим жаша жандын
Жаша адамзат бүт улуттар оттой жанып
Жарык маанай кутту болсун ынтымакта
О жараткан бул ырыскың эй сага таандык
Башыңды көтөр журтум көтөр калкым
Алоолоп үмүт өспөй алгалап жалындасын
Бул илдет тапкандарга наалат айтам
Жараткан берсин сага өз жазасын
Чөк түшпө баатыр элим ойго батып
Талпынгын сен умтулуп алгалап канат кагып
Чыйралган үзүлбөстөн чыйралгын сен
Эске тут бийиктигиң эске алгын ыйыктыгың кыргыз калктын