Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда,
Маанисине түшүнбөй.
Тагдыр экен, жаштык экен кантейин?
Өттү ал кез түшүмдөй.
Чыга калат «коюңуз” деп уялсаң,
Ууртуңдан уячаң.
Чыдай албай, моюнуңдан жыттаймын,
Жаз гүлүндөй буралсаң.
Кайырма:
Кантип анан эзилбейм, карагатым?
Капилеттен жоготтум да, кайра таптым.
Бирде өбүп, бир өппөй,
Көз жашыңды көрсөтпөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың.
Мен бул ырды токуганмын жаш кезде,
Мазмунуна сүңгүбөй.
Ал кездеги окуялар эсимде,
Азыр ушул күнкүдөй.
Жакаң ылдый алма жыпар жыттанат,
Бир көрүнүп, көрүнбөй.
Эриндериң илебиме ыкталат,
Кожагаттын өңүндөй.
Кайырма:
Бир мен өбүп, сен өппөй,
Же сен өбүп, мен өппөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың.
Бирде ыйлап, бир күлүп сен бара жаттың…
Бек Борбиев — Карагат тексти
Датасы: 25.11.2020 Көрүүлөр: 8145
Мен суйгон карагат деген кинодогу бектин ырын киргизип койгулачы сураныч