Сенин гана жыпарыңды,
Тоо гүлүнөн искегем.
Сенде гана аруулук бар,
Дүйнөдө мен издеген.
Жарк дей түшсө мага жамалың,
Албырамын билбей амалын.
Мен жаза элек мукам кайрыкты,
Карегиңден табамын.
Кайырма:
Менин сүйүүм каркыра,
Сага учат талпына.
Ай-күнүмдөй ашыгым,
Асманымда жаркыра.
Экөөбүздү кошуп, бөлбөгөн,
Ушул күндөр алтын а.
Жаным сага дайра бойлоп,
Келем терип бүлдүркөн.
Жаным, сага жазам дастан,
Бүтпөс күндүр-түндүртөн.
Арбайт мени айдай жамалың,
Азгырылам билбей амалын.
Мен уга элек мукам обонду,
Көздөрүңдөн табамын.
Кайырма:
Бек Борбиев — Каркыра тексти
Датасы: 25.11.2020 Көрүүлөр: 7223