Датасы: 25.11.2020
Формат: mp3

Искеймин алма гүлдөр шактарынан
Издеймин Алыкулдун саптарынан.
Жазылсын кусалыгым, күлүп койчу
Жарк этип жылдыздардын катарынан
Жарк этип жылдыздардын катарынан.

Кайырма:
Мажүрүм чачтарың таранганда
Жашылдан жоолугуң салынганда.
Карекке көз жаштан мончок тагып
Мен сени ошондо сагынгам да.
Мен сени ошондо, мен сени ошондо
Сагынганда.

Табышмак табигаттын сырларында
Жаңырып Асанкалый ырларында.
Жан биргем, жан дүйнөмө кирип келчи
Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай
Төгүлүп эрте жаздын жамгырындай.
Кайырма:

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *