Эс алып Беш-Таш, Таластан,
Келе жатып жолдон адашкам.
Тагдырлар болуп кайчылаш,
Жолукту мага Тараздан.
Керемет көз дедим, көз дедим,
Дароо эле өзү дедим, өзү дедим.
Сүйлөсө көкөлөдү көңүлүм да,
Бал ширин сөзү дедим, сөзү дедим.
Кайырма:
Казак кыз, аты — Сауле,
Мойнунда калы бар эле.
Ага окшош кызды таппай жүрөм,
Тандап, тандап дагы эле.
Күлгөнү көркөм жаз эле,
Мүнөзү жибек, наз эле.
Айтор, бир башка, өзгөчө бир жан эле,
Ай, Сауле, эх, Сауле.
Биз жүрдүк ойноп тамаша,
Кыналып сезим жанаша.
Бөлүнсөк эки көз ирмем,
Сагынып кайра самаша.
Көңүлүң бөлөм дедиң, бөлөм дедиң,
Болбосо көрөм дедиң, көрөм дедиң.
Ээрчишип эгер кетсе мени менен,
Ошондо өбөм дедим, өбөм дедим.
Кайырма:
Бек Борбиев — Сауле тексти
Датасы: 24.11.2020 Көрүүлөр: 5460