Бурмалап экөөбүздүн бактыбызды
Башкалар бийлеп бузса арабызды
Бактыбыз экөөбүздүн колдо дебей
Жөн гана алысташып калабызбы
Мен сенден колду үзүпкош дебесем
Сен менден көңүл калып кой дебесең
Арадан арачылар кылган ишке
Көңүл бар кыйбас жарын кой бербеген
Кудайга жетер акыр мууң зарыбыз
Жол келер кенен болгон эч тарыгыз
Көңүлдү кабалашпай бирге жүрсөк
Койнубузда ойнор бир күн балдарыбыз
Азгырык сөздөн жаман уудан дагы
Үйүрүн эңсейт күлүк буудан дагы
Жашоонун таттуу жерин татаар кезде
Тагдырлар туура келбей буурмаланып