Датасы: 17.04.2020
Формат: mp3

Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнү жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери «дүрт» эткен.
Сел болуп каптап,
Нур болуп аппак,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак куулар учуп,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү буруп,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып,
Түшүмө кирдиң түндө сен.
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Самара Каримова — Түшүмө кирдиң түндө сен тексти: 3 комментарий

  1. Жакты.Дагы бир куплети болчу эле. Аткарышындагы бир куплет келтирилген текстте жок экен. Анан, ар бир куплеттеги акыркы төрт сапта тең бирден сөз кала бериптир. Дагы ката бар.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *