Англиянын түндүгүндөгү Йоркшир графтыгында илгери бир сыйкырчы жашаптыр. Ал дүйнөнүн баардык тилдеринде сүйлөп, ааламдын бүткүл сырларын билчү. Анын калың кайыш менен сыртталган, кадимки каалга сыяктуу кулпталган чоң китеби болуптур.

Караңгы дүйнөнүн кара күчтөрүнүн сырлары чогултулуп, алардын тилинде жазылган бул китепти өзү гана түшүнүп, өзү гана окуй алса дагы, ал аны эч кимге карматпай, ичин эч кимге көргөзбөй кулпулап жашыруун кармачу.

Бул сыйкырчынын бир шакирти бар эле. Ал өз устатына ак кызмат кылып, көптү үйрөнсө дагы, ага сырдуу китепти ачууга, сыйкырчынын өз бөлмөсүнө кирүүгө катуу тыйуу салынган болучу.

Бир жолу сыйкырчы үйдө жок кезде, кызыгуусу ашынган шакирт сыйкырчынын бөлмөсүнө жашыруун кирет. Жаш шакирт ал жайдан жезди салып туруп үстүнө суу куйганда – алтынга, темирди салса күмүшкө айлантып салчу сыйкырлуу идиштерди жана төгөрөктүн төрт бурчун көргөзө алчу күзгүнү, кулакка такаса каалаганыңды угузган чөйчөктү көрдү. Бирок аларды колдоно келгенде негедир сыйкырлуу идиштер жезди алтынга, темирди күмүшкө айландырбай койду. Кереметтүү күзгүдөн бир гана бургуйлаган кара түтүн менен кайдадыр көчүп бараткан белгисиз агыш булуттан башка эч нерсе көрүнбөдү, баарын угузчу чөйчөктөн кандайдыр деңиз толкундары көзгө көрүнбөгөн жээкке урунуп жаткансып күрп-шарп этип шуулдаган гана үзгүлтүксүз үн чыгып турду.

“Менин колумдан эч нерсе келбейт,- деп ойлоду шакирт.- Анткени мен буларга буйрук берүүчү сыйкырдуу сөздү билбейм. Алар болсо сыйкырдуу китепке жазылган, ал эми сыйкырлуу китеп бекитилүү.”

Ушинтип ойлонгон ал бурула берип, көргөн көзүнө ишене албай ордунда катыды. Анын көз алдында кулпусу бекитилгени менен ачкычы анда сайылуу бойдон сыйкырлуу китеп жаткан. Оо керемет! Устат китебин жаппай кетиптир. Ал көптөн бери көрсөм деп көксөгөн сыйкырлуу китепти шаша-буша ача салды. Андагы сөздөр кара жана кызыл сыялар менен айкалыштыра жазылыптыр. Жаш шакирт аларды карап, эч нерсеге түшүнбөдү. Антсе дагы эжелеп жатып бир сапты араң угуза окуду.

Бир заматта бөлмө ичи капкараңгы болуп, күн күркүрөгөн сыяктуу коркунучтуу дабыш чыгып, бүткүл үй титиреди. Анан кайра жарык боло түшүп шакирттин маңдайына башы шыпка тийген, көздөрүнөн от жаркылдаган түрү суук дөө пайда болду. Бул сыйкырчы багындырган кадимки желмогуз Велзевулдун өзү болучу. Жаш шакирт аны байкабай чакырып алган эле.

— Буйрук бер!- деди ал күркүрөгөн добушу менен.

Өспүрүм коркконунан калтырап, төбө чачы тик туруп, сөз таппай калды.

— Буйрук бер, болбосо мен сени муунтам!

Бирок өспүрүм буйрук бермек тургай сүйлөй алмак эмес. Ошондо желмогуз аны кекиртектен алып, бетине өзүнүн от бүрккөн оозу менен жырткыч сымал аркырады:

— Буйрук бер!

— Тээтиги гүлгө суу куй! — деп кыйкырды айласы кеткен бала оюна келген биринчи сөздү айтып, алачакмактаган көзүнө көрүнгөн жерде турган, челекке отургузулган гүлгө кол шилтеп.

Желмогуз дароо эле көздөн кайым болуп кетти. Саамдан соң чоң челекке суу көтөрүп пайда болуп, аны гүлгө куюп, кайрадан жок болуп кетти. Суу дароо эле шакирттин кызыл ашыгына жетти. Бирок желмогуз суу толо челегин көтөрүп кайра пайда болуп, жанагындай эле гүлгө куя салып жоголуп кетти. Үчүнчү челек сууну куйганда суу өспүрүмдүн тизесине чыгып, ал:

— Болду, болду! Жетишет!- деген сөздү айтканга араң эрки жетти.

Бирок Велзевул аны укпады, сууну челектеп тынымсыз ташый берди. Суу бөлмө ичине толуп баратты, сыйкырчынын бүт оокаттары суу алдында калып, ал шакирттин төшүнө чыкты. Ошондо бул желмогузду токтотор сөздү издеп ар кайсыны айта берип чарчаган бала үстөл үстүнө чыга качты.

Аздан соң кайрадан суу өспүрүмдүн төшүнөн өтүп, ээгине жакындады, бөлмө сууга толоруна аз калды. Өспүрүм эчкирип ыйлап, желмогузга жалынып жатты, бирок ал эч бир сөзүн укпады.

Желмогуз ошол күндөн ушул күнгө чейин суу ташый берип бүт Англияны сууга көмдүрөт беле, эгер карт сыйкырчы китебин жапканы менен ачкычын анда калтырып койгонун билип, жетип келип, сыйкырлуу сөзүн айтып, Велзевулду тозоктогу ордуна кайтарбаганында…

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок48
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *