— Токой жашоочулары! – деп жар салды акылман Карга бир жолу таң атпай. – Босогого Күз келди, аны тосуп алганга даярсыңарбы?
Токойдун түпкүрүнөн жаңырыктаган үндөр чыкты:
— Даярбыз, даярбыз, даярбыз…
— Азыр текшеребиз! – деп карк этти Карга.
– Эң алгач күз токойго суукту жиберет – силер кандай жооп бересиңер?
Айбанаттар жооп беришти:
— Биз, тыйын чычкандар, коёндор, түлкүлөр, кышкы тонубузду жамынабыз!
— Биз, кашкулактар, еноттор, суурлар жылуу ийиндерибизге кирип кетебиз!
— Биз, кирпилер, жарганаттар, жазга чейин таттуу уйкуга киребез!
Канаттулар жооп беришти:
— Биз, келгин куштар жылуу жактарга кайтабыз!
— Биз, биякта кыштачулар, жылуу кийимдерибизди киебиз!
— Экинчи кезекте — деп кыйкырат Карга – күз бактардын жалбырактарын күбүйт!
— Күбүсө, күбүсүн, – дешти канаттулар. – Мөмөлөр жакшы көрүнүп калат!
— Күбүй берсин! – дешти айбанаттар. – Шуулдабай токой тынчыраак болот!
— Үчүнчү кезекте, – дейт Карга токтоп калбай: – күз курт-кумурсканы катуу суугу менен качырат!
Канаттуулар жооп беришти:
— А биз, тобурчактын уругун чагабыз, мөмөлөрдөн терип жейбиз!
Айбанаттар үн катышты:
— А бизге чымын-чиркейдин жогу жакшы!
— Төртүнчү кезекте, – дейт акылман Карга: – күз тажатма күндөрдү жиберет! Түнөргөн туманын каптатат, басылбаган жамгырын жаадырат, кулак-мурунга кум үйлөгөн шамалын жиберет. Күндү кыскартып, аны колтугуна жашырат!
— Билгенин кыла берсин! – дешти бир ооздон айбанаттар менен канаттулар. – Биз эмнеден тажамак элек! Жаан менен шамалы коркунучтуу эмес, жылуу тондорубуз бар! Курсак ток – кайгыбыз жок!
Акылман Карга дагы бир нерселерди сурагысы келип турган, бирок канатын бир кагып алды да, асманга учуп чыкты.
Учуп баратып алдында созулуп, түркүн түскө боёлуп жаткан күзгү токойду көрдү.
Күз босогодон аттап калыптыр. Бирок андан эч ким коркуп-үркөн жок.