Бул жомок эзелки окуя.

Атам заманда, жер бетинде чөптөн токой көп, кургак жерден суу көп болуп турган кезде улуу уруу кыргыз журту Эне-Сай деген өзөндүн боюн жайлап турат. Ал улуу дайра, кең өзөн түндүктө Сибир деген жерден агат. Атчан адам аерге үч жыл, үч ай жүрүп араң жетет. Алдайраны азыр Енисей дешет экен. Илгери кыргыздар Эне-Сай дешчү. Ошондон улам мобул ыр калган:

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн барбы?

Эне-Сай, сендей жаркын мекен барбы?

Эне-Сай, сендей кыйын азап барбы?

Эне-Сай, сендей ыйык азат барбы?

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн болбос!

Эне-Сай, сендей жаркын мекен болбос!

Эне-Сай, сендей кыйын азап болбос!

Эне-Сай, сендей ыйык азат болбос!

Эне-Сай өзөн ушундай өзөн экен.

Ар уруу эл жашап турат анда Эне-Сайдын боюнда. Бирин-бири чаап алган, бирин-бири талап алган жоокерчилик заман. Кыргыз уруу­ сун да айлана-тегерете курчап, кас уруулар туруптур. Кыргыздар да кези келгенде аттанып казат жүрүп, касташкан уруунун үйүн өрттөп, күлүн көккө сапырып, элин кырып, жылкысына тийип, малын айдап кетчү экен. Эр өлтүрүү эрдик саналып, кишини киши аябай, адамды адам тукум курут кылмай заман. Адам каны суудай агып, көк-кашка суу жошолонуп, ак-сары гүл манаттанып, бөрүдөй тытышкан доор экен. Эгин эгип, түшүм жыйнар, мал багып, мергенчиликтен олжо таап келер эр бүлө калбай, эл тукуму сооло берет. Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары тынч эмгекти таштап салып, жоокер-

чилик, талоончулук менен күн көрүп калыптыр. өлтүргөндүн өчү бар, төгүлгөн кандын куну бар деген, өчөгүшкөн тили буруу, кырк уруу бирин бири мойсоп бүтмөйүнчө тынчый албай калган. 

Кыйын кезең күнгө чыдабай, адамдардын акыл-эси канга уугуп турган экен. Касташканды жараштырар жан чыкпай, душманын капилеттен чаап алган, бөтөн урууну тукум курут кырып, мал-мүлкүн талап алгандар гана кеменгер атыккан экен.

Ошондой кыйын кезең күндөрдө Тайга деген чер токойго бир сыйкырдуу куш пайда болот. Ал жөн сайрабай адамча сүйлөп, бирде ыйлап, бирде ырдап, таң атканча: «Алаамат болор!» «Алаамат болор!» деп сайрап чыкчу болот. Акыры ошол куштун айтканы келип, кыргыздардын башына каран түн түштү.

Ал күнү кыргыз уруусу аза күтүп, эл атасы, журт эгеси, сан колдун башчысы Күлчө баатырдын сөөгүн жерге бергени жаткан. Кол баштап, нечен казатта жүрүп соо калган, нечен айыгышкан чабыштан жеңиш менен чыккан карт баатыр көрөр күнү, ичер суусу түгөнүп, каза табат. Кыздар кызыл кийинип, катындар кара кийинип, кыргыз эл эки күн аза күтүп, үчүнчү күнү баатырдын сөөгүн ата салты боюнча жабыла көтөрүп, Эне-Сайдын боюн бойлотуп, жарлуу жээктин мизи менен алып өтмөк. Эл анткени — баатырдын чымын жаны көккө учуп кетер алдында Эне болгон өзөн менен, Ата болгон мекен менен коштошуп алсын, тирүүсүндө жоого аттанып баратып, жоону чаап келатып, ушу жээктен ырдап өтчү ырын чымын жаны ырдап кетсин дегени.

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн барбы?

Эне-Сай, сендей жаркын мекен барбы?

Эне-Сай, сендей кыйын азап барбы?

Эне-Сай, сендей ыйык азат барбы?

Эне-Сай, сендей жайкын өзөн болбос!

Эне-Сай, сендей жаркын мекен болбос!

Эне-Сай, сендей кыйын азап болбос!

Эне-Сай, сендей ыйык азат болбос!

Баатырдын сөөгү жатар жайы, коёр көрү бийик дөбөнүн чокусунда. Коёр алдында эли баатырдын сөөгүн башынан өөдө көтөрүп, төгөрөктүн төрт тарабына көрсөтмөк: «Алдында өзөнүң калды жайкын. Үстүңдө Теңир ээлеген көгүң турат. өзөктүү өз тукумуң, калың журтуң сөөгүңдү көтөрүп, башын ийип астыңда турат азалуу. Жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун!». Ошентип, баатырдын сөөгүн жерге берип, көрүнүн башына өткөндөгү баатыр Ата, баатыр Бабалардын жолун жолдоп, чулу корум таштан Таш баба орнотмок.

Эл атасы өлгөндө айыл-айыл болуп андалап отурган урук-урук кыргыздар жабыла көчүп келип, Эне-Сайдын жээгине кыркар тартып үй тигип, улуу журт курган. Ак асаба найзаларга кара түпөк байлашып, түндүктөн чыгара аза белгисин коюшкан. Эл анткени — баатырдын сөөгүн алып өтүп баратканда асаба-тууну баатырга баш ийдирип, кыз-келиндер чурулдап кошок кошуп, уландар жер дүңгүрөтө өкүрүп коштомок, анан сөөктү ээрчиген элге кошулуп, кийинки үйдүн тушуна жетмек, ал оропарадан да алиги жол-жосун болуп, ошентип дөбөнүн чокусуна дейре чууруп жүрүп отурмак. 

Күн күнүмдүк жолуна чыкканда элдин кам-чому да бүткөн. Түпөктүү найзалар сөөк чыгар ооздо эки бет катар тизилип, баатырдын жоо-жарактарын алып чыгып, сөөктүн алдынан алып жүрчү чоролор даяр турган. Кара жабуу жабылган баатырдын аргымагы сөөк артынан жетелөөгө белен, суулук кемирип, кандуу көбүк булайтып, көзүн акшыйтып, жер чапчып турат. 

Кернейчилер кернейлерин, добулбасчылар добулбастарын белендеп, азыр сөөктү алып чыкканда, кадимки жоого кирген салтындай кернейлер озондоп, добулбастар дүңкүлдөп,

жер жарылар үн чыкмак. Тайга токой чайпалып, канаттуунун баарысы күндүн бетин көрсөтпөй үркүп учмак, жолборстору күркүрөп, камандары коркурап, туңгуюк черге жите качмак, тоо жаңырып жер көчмөк, өзөн толкуп, алай-дүлөй бороон сокмок. Кошокчулар чачтарын жазып 

үн салып, чоролор табытка ийин тосуп, сыңар тизелей укуюп отурду. Токойдун четиндеги карагайларга баатырдын кара ашына чалынар төрт түлүк мал тогуздап байланып турду.

Ааламат мына ушунда башталды.

Эне-сайлык кырк уруу эл канча жоолашпасын, эл атасы каза таап, башына аза түшкөн күндөрдө бири-бирине кол салчу эмес. Бирок бүгүн салт бузулду. Салтты бузган нарксыз жоо түндөп курчап, тегеректеги токойдо бугуп жаткан. Эми эл мүңкүрөп турган чакты маалдап, капилеттен кол салды. Жарак алып каршы чыгууга, атка минип айкырып чыгууга эч ким үлгүрбөдү. Түшкө киргис кыргын жүрдү. Өңгөктөгөн карыдан эмгектеген балага чейин кылычтын мизине, найзанын учуна, качып кутулам дегени жебенин тилине кетип жатты. Жоо ушуну көксөгөн. Кыр көрсөтүп, тизгин бербеген кыргыздарды тукум курут кырып, күлүн көккө сапырып кетели деп келген. Жоктоп алары, боздоп ыйлап калары, кунун кууп издеп келери калбасын, кыргыз деген аты өчүп, кылымдын эсинде калбасын, тыптыйпыл кылалы деп кел-

ген. Жоо ойлогондой болду…

Адамды туумак кыйын, багып өстүрмөк кыйын, а өлтүрмөк көз ачып- жумганча. Жээк бербей киши өлүгү үстү-үстүнө каршы-терши сулады. Көл мөлтүр толкун Эне-Сай кыргызынын канына кызыл-жаян болуп акты. Жээк бойлой катар тигилген үйлөр чатырап, өрткө кетти. Ошентип, кең өзөндүн жээгинде бырыксыган күл калды, каңырсаган жыт калды. Кулак учунда боздогон үн калды. Кыбыр эткен жан көрүнбөй, башка эчтеме калбады. Кыргыз деген бар беле, жок беле?.. Жоо ушуну көздөгөн. Жоо көздөгөндөй болду…«Жер биздики! Токой биздики!» деп жоо шаттанды. «Биздин жерде кыргыздын сөөгү да калбасын!» деп, өлүктөрдү жар башынан өзөнгө кулатты. Күтүрөгөн сан түмөн малды айдап, колго илинер дүнүйөнү бүт олжолоп, жолго салды. Мал артынан бурулдаган чаң асманга көтөрүлүп, көк менен жер бирикти да калды. Мына ошондо токойдон ойноо бала, секелек кыз чыкты. Тилазар балдар эртең менен эле токойго чуркап кеткен. «Баласыңбы» деген ошо да, ал экөө токой аралап, жөкө кабыктан себет токумак, себет толтура карагат-бүлдүркөн термек. Каткыра күлүп, так секире ойноп жүрүп, күн убагын унуткан. Бир маалда айыл тараптан ызы-чуу чыкканда элеңдеп артка чуркаган. Эми экөө жетип келип, кыргын тийген өлүү журттан эч кимди таппады. Ата-энеден кабар жок, ага-эжеден дайын жок.

Кара жер канга эзилген, «ата», «апа» деп кыйкырса, жаңырык жооп кайтарбай үндөрү жерге жутулуп кетти. Улам бир үйдүн ордуна чуркады экөө, бырыксыган күл жатат, үч буту көктү карап тулга жатат. 

Эси чыккан эки бала заматта же эртең мененки калың эли жок, өлүү журтта жетим калды. Алыста токой үстүнөн чаң уюлгуп, мал айдаган жоо кетип баратты.

Балдар чаң артынан жүгүрдү. Көздөрүнөн салаа-салаа жаш кетип, эки бала жоону ээрчип баратты. «Баласыңбы» деген ошо да, жоо артынан жүгүрүп, чоң киши болсо боюн ала качып тетири чуркамак. 

Балдардын оюнда эчтеме жок, тиги кандуу, сүрдүү жерден алыс качуу. Уул бала, кыз бала кол кармашып, «токтогула» деп суранып, «ала кеткиле» деп жалынып, жоо артынан чуркады. Жер дүңгүрөгөн доош ичинде, күтүрөгөн калың дабырт үстүндө ал экөөнүн алсыз үнүн

ким укмак. 

Эки бала көпкө чуркады, кууп жете албады. Эч ким кайрылбады. Мууну бошогон балдар жер кучактап жыгылды. Кылчаюудан коркушту, кыбыроодон чочушту. Эси чыккан эки бала кучакташып, калч-калч калтырап, улутуна бышактап жатып, уктап калды. Жетимдин жары кыдыр, бирок тагдыры жети ача деген ак сөз. 

Түн бейкут өттү. Сүрдүү токойдун жырткычы тийбеди, желмогузу келбеди. Экөө ойгонсо күн чыгып калыптыр. Токойдон түрлүү баренде сайрап, дүйнө эчтеме болбогондой. Экөө турду да, из кубалап дагы жөнөштү. Мөмө-чөмө менен өзөк жалгап жүрүп отурушту. үч күн, үч түн дегенде бир бийик дөбөгө жетип токтошту. Төмөн этекти караса, көк жыйыкта улуу той болуп жатат. Тигилген үйлөргө сан жеткис, кайнаган казанга сан жеткис, жыйылган элге сан жеткис.

Кыздар селкинчек тээп, ыр ырдап, жигиттер күч сынашып алышып, эл шатыра-шатман үн салып, кечээги кыргызды кырган жоо минтип жеңишин майрамдап жаткан экен.

Жуук кирип бара албай, эки бала кооптонуп дөбөдө турду. Бирок тиги казандардан бышкан эттин, ысык нандын, сарымсак-согондун жыты келип, шилекейин илеп жуткурду. Балдар чыдабады, дөбөдөн түшүп барды. Көргөндөр кызыгып, тегеректеп калды.

— Кимдин баласысыңар? Кайдан келатасыңар?

— Курсагыбыз ачты, — деди кыз менен бала, — нан бергилечи?

Жоо эли балдардын сүйлөгөн сөзүнөн кыргыз тилин баамдап, бул кырылган кыргыз тукуму экенин тааныды. өлбөй калган бул экөөн азыр жайлай салалыбы, же ханга алып баралыбы деп өз ара талаша кетишти. 

Алар чуулдап жаткан арада бир боорукер катын эки балага алдыртан бир кесим эт бере койду. Анан балдарды ханга алып барышты, хан тобу али дасторкондон тура элек экен. Эки баланы чоң кызыл үйгө алып барышты. Кызыл үйдүн оозунда күмүштөгөн айбалтачан

сакчылар турат. Ал ортодо калың элдин арасын ушак аралады: 

-Кыргындан аман калган кыргыздын тукуму бар экен, кан кууп ке-

липтир! — деп эл сестенди.

Оюн-тамашасын, тамак-ашын таштап, эл топурап хандын ордо үйүн тегеректеди. Ал учурда хан кардай аппак кийизде жанжө­ көрлөрүнүн ортосунда бал кошкон кымыздан ууртап коюп, жаагын жанган ырчылардын мактоо ырларын угуп олтурган. Эл топурап келген себепти угуп, хандын жаалы чыкты көзүнөн:

— Тынчымды алган ким экен? Кыргыз уруусун тукум курут кыр-

ганыбыз жалганбы? Силерге түбөлүккө Эне-Сайды тартып бергеним

жалганбы? Эми кимден жан таштап качып жүрөсүңөр? Коркконуңар

ушул чыпалактай эки балабы? Эй, Майрык-Чаар-Жезкемпир! — деп

кыйкырды хан.

Анан бир кемпир топтон суурулуп, алдына келгенде ага буюруду:

— Бул экөөнү Тайга токойго алпаргын да, кыргыздын аты чыккыс, үнү угулгус кыл. Экинчи кыргыз деген сөздү кулагым чалбасын.

Кыргыз тукумунда жер үстүндө орун жок, түбөлүк аты өчсүн! Бар, Майрык-Чаар-Жезкемпир, буйрукту аткар!..Ошону менен Майрык-Чаар-Жезкемпир эки баланы колунан жетелеп, тоо ашып, токой аралап жүрүп отурду. Азыркы Эне-Сайдын жээгине жетип токтоду. Анан балдарды жардан алыс түртөр алдында мындай деди:

— О, улуу дайра, Эне-Сай! Эгер сага тоо окморуп кулатса, муштумдай таш сыяктанып түбүңө чөгөт. Кылым турган карагай кесип кулатса, чабындыдай толкунуңа кетет. Эмесе, эки көздүн эки чечеке­ йиндей болгон мобу адам баласын муздак койнуңа ал. Жер үстүндө бул

экөөнө орун жок. Аны сага айтып-айтпай эмне, өзүң көрүп турасың. Жылдыздар адам болсо, көккө батмак эмес, балыктар адам болсо, суу­ га батмак эмес. Аны сага айтып-айтпай эмне! Эмесе, ач койнуңду, ал эки наристени, алып кет. Бул жексур дүйнөдөн экөө чырымталында

кетсин, абийири таза, дили ак, арамдыкты биле элек, арам ойго кире элек периште чагында кетсин. Ач койнуңду, ал эки периштени, улуу дайра Эне-Сай! Уул бала, кыз бала ыйлап турду. Кемпирдин сөзүнөн да жардан ылдый караса жүрөктөрү алкымына тыгылып, түпкүрдөгү буурул толкун үрөй учуруп, ошого ыйлап турду.

— Кана, коштошуп алгыла, балдарым. Кучакташкан бойдон кеткиле, — деп Майрык-Чаар-Жезкемпир шымаланып жеңин түрүндү.

— Мени жаман көрбөгүлө, менде эмне айып. Бешенеңерге жазылганы ушул экен. Менин эрким болсо кантер элем, ким билет, бирок ушу бойдон кеткениңер өзүңөргө жакшы…

Ушинтип сөзүн айтып, оозун жыйып алгыча жан жактан бир үн чыкты:

— Ашыкпа акылман эне, күнөөсүз балдарды жайлаба! Майрык-Чаар-Жезкемпир кылчая калды, кылчайып алып айрантаң: жанында Бугу эне турат, эки көзү балбылдап. Балбылдаган көздөрү муңайым тиктейт, өтүнүчтүү тиктейт. Маралдын умай энеси, асыл бугу маңкаят, омуроо-төшү наристенин маңдайындай, жону ууз ак, боору тайлак жүндөнүп көк буурул. Он сегиз айры мүйүзү арка­йып, жонун-жышып койгондой жымсал сулуу, көркөм. Желини таза, кан тамырлары көрүнүп ийип турат эки балага мээримин салып.

Бугу эне

— Сен кимсиң? Адамча сүйлөп кубулган кандай жансың? — деди Майрык-Чаар-Жезкемпир.

— Мен Бугу эне болом. Адамча сүйлөбөсөм сен кайдан түшүнмөксүң

да, кайдан собол укмаксың.

— Каалаганың эмне, Бугу эне?

— Балдарды коё бер, акылман эне. Сенден сураганым ушул эки чүрпөнү мага бер.

— Буларды эмне кыласың? 

— Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм.

— Ушу балдарды эмизип, багып алам дейсиңби?

— Ошентем, акылман чоң эне.

— Жакшылап ойлондуңбу, Бугу эне? — деп күлдү Майрык-Чаар-Жезкемпир. 

— Булар деген адам баласы. Чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлондуңбу?

— Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт, — деди маралдын

Умай энеси. — Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат.

Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын?

— О, кең пейил Бугу эне, адам деген кандай экенин али билбейт турбайсыңбы! — деп башын чайкады Майрык-Чаар-Жезкемпир. 

-Адамдар кайберен эмес, бирин бири аябайт. Сөзүмдүн актыгын өз көзүң менен көрөрсүң, өз мойнуң менен тартарсың деп, бул эки жетимди сага берип деле коёр элем, бирок башка адамдар көрөр замат бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат. Анда булардын да азабын

тартып, сага эмне күч келди?

— Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем, бу балдарды. Аясаң, акылман чоң эне, коё берсең. өз балдарыман кем көрбөй асырайын, жетимдерге эне болоюн… . Желиним сүткө толуп, ооруп турат. Бала деп сыздап турат ак сүтүм. Бала деп ийип турат ак сүтүм…

— Кантейин, болуптур, — деди ойлонуп туруп Майрык-Чаар-Жезкемпир. — Сурап калдың, бирок тез кет буерден. Жетимдерди алыс жерине аман жеткир. Жок, эгер аякка жетпей жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүңдү унутуп, адамдык арамдыгына кетсе, өзүңөн көр.

Бугу эне Майрык-Чаар-Жезкемпирди узатты да, анан уул бала менен кыз балага айтты:

— Балдарым, мына эми силердин энеңермин. Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир-Тоосу бар, боордо токой жери бар, ортосунда Ысык-Көлү бар жерге алпарам. Кыргыз тукуму курут болуп кетээрде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум уласын, укум-

тукумуна мекен болсун деп мен ал жерди Теңирден сурап алдым. Балдар так секирип кубанды, тепеңдешип Мүйүздүү Бугу эненин соңунан чуркап алды. Жүрөр жол алыс, учу-кыйыры жок жердин бир четинен бир четине. Узак жолдо балдар арып ачты, алдан тайды. Бугу эне балдарын ак сүтү менен багып жүрүп отурду, күн ысыганынан көлөкөлөдү, суук түндөрдө бооруна кысып жылытты. Эне сүтүнүн кубаты канчалык, кечкисин тырп этпей жыгылган балдар эртең менен так секирип ойноп турду. Нечен күн, нечен түн өттү, эски мекен Эне-Сай жан кейитип алыс калды. Жаңы мекен Ысык-Көл көздөн учуп, алыс жатты. Эки жолу кыш өтүп, эки жолу жай келди, дагы бир жолу кыш өтүп, дагы бир жолу жай келди, балдарын ээрчиткен Бугу эне ашуу ашты, бел басты, агыны катуу суу кечти, мээ кайнаткан чөл кезди, бирок чарчадым-чаалыктым дебей, балдарын ак сүтү менен кубаттандырып, талбай жүрүп отурду. Кээ күнү үйүр тобу менен бөрүлөр кууду артынан. Бугу эне балдарын жонуна мингизип алып, жырткычтардан алып качты. Кээ күнү жаа тарткан мергенчилер кубалады артынан. «Бугу адамдын балдарын уурдап баратат. Карма! Карма!» — деп айкырып, жаа тартты мергендер. «Бул адамдардан жакшылык жок, балдарым, бекем отургула!» — деп Бугу эне жебеге жеткирбей качты.

Бугу эне

Ошентип жүрүп отуруп, акыры Бугу эне балдарын Ысык-Көлгө жеткирди. Туу чокудан карап туруп, көргөн көздөрүнө таң калышты. Тегерете курчаган ак карлуу алкак Ала-Тоо, боор жапкан чер токой, ортодо мөлтүрөгөн ирим көл. Буурул жал толкундары арылдаган шамалга бир четинен түрүлүп, бир четинен үркүп жатат. Көлдүн баш-аягына көз жетпейт. Этегинен күн чыкса, төрүндө али таң ата элек. 

Тегерете курчаган акактанган Ала-Тоо чокусуна сан жеткис. Ала-Тоонун аркасы мунарланган Теңир-Тоо катарына сан жеткис.

— Мына ушул жер силерге мекен болот, — деди Мүйүздүү Бугу эне. 

— Жер тилип, эгин эккиле, мал багып, балык улагыла, ошентип бейпил кеңчилик, бейкут тынчтыкка миң-миң жыл өмүр сүргүлө. 

Учуңар узарып, урук-тукумуңар көбөйсүн, алдыңарды бала басып, аркаңарга мал толсун. Сүйлөсө тилге жатык, укса кулакка мукам, алыстан ала келген эне тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын, эне тилинде эл-жерин даңазалап ырдап жүрсүн. Кишиден кем болбогула,

башка элге тең болгула. Мен эми силерге, силердин укум-тукумуңарга Умай энемин, силер менен түбөлүккө бирге жүрөм…

Ошентип, кырылган кыргыздан калган уул бала, кыз бала Теңирдин батасы тийген Ысык-Көлдү мекендеп туруп калат.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Бала менен сыйкырчы573
Жез кемпир337
Акылдуу бала332
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)282
Алданган карышкыр жомок233
Тулку менен Кене226
Атанын керээзи жомок222
ЖЕТИМ МЕНЕН СЫЙКЫРЧЫ150
Сырдуу сака136
Карышкыр менен түлкү123

БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү): 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.