БАЧА ПАДЫША ЖАНА КУМУРСКАЛАР

Зор өлкөдө Бача аттуу зобололуу падыша жашаптыр. Бир күнү ал көңүл жубатууну каалап, кең жайык жерди тандатып, укмуштуудай чоң той өткөрөт. Шаан-шөкөткө миң-миңдеген меймандар чакырылат. Ошол миңдеген адамдардын оозунан чубурган күрүчтөргө да эсеп жеткис болуптур.

Акыры ичип-жеп, чычкан коноктун баары кетет. Ал жерге ысырап болуп төгүлгөн күрүчтүн күкүмүнөн өйдө кумурскалар терип-жыйнап, жерге көмүп коюшат.

Көп өтпөй башка да бир зор өлкөнүн зобололуу падышасы ошол кең жайыктуу жерге келгенде тизгин тартып, той өткөн жерди тополоң-тозго айлантууну чечет.

Артындагы аскер кошууну да тизгин жыйган бул тегеректе бак-дарак жок, шылдырап аккан суу жогун көрөт. Арийне, баары ачка келаткан болучу. Кылкылдаган аскердин кесээрип ачка экенин көргөн кумурскалар баягы жашырып койгон бышкан күрүчтөр менен кошуундун аскерлерин тойгузуп чыгышат.

Ошондо кошуун башы кумурскалардан сурайт:

– О, кумурскалар, силерде бышырып даярдалган мынча күрүч кайдан?

Кумурскалар жооп кылышат:

– О, улуу урматтуу падыша, бул чөлкөмдө Бача аттуу дөөлөттүү, сөөлөттүү падыша жашайт. Жакында бу жерде ошол Бача падыша чоң той өткөргөн. Меймандар күрүч жеп кеткенден кийин биз алардын оозунан түшкөн күрүч күкүмдөрүн чогултуп, жашырып койгон элек.

Муну уккан падышанын оозу ачылып таңгалат:

– Байкашымча, бул падышанын аскери да, өлкөсү да күч-кубаттуу белем. Биз буларды жеңе албайт көрүнөбүз, андан көрө булар менен тынч болгонубуз оң.

Анын оозунан ушул кеп чыгаары менен аскер кошууну да тизгиндерин кайра артка тарткан экен.

БАЙ ЖАНА АЖАЛ

Эмне гана шумдуктар болбойт. Бир бай өлүмдөн ушунчалык коркчу экен. Ал өлүмгө даярданыш үчүн ажал ага алдын ала эскертүү бермек болуп, экөө убадалашат.

Бай ошону менен өлүмдү ойлонбостон камаарабай жашап, анын басса-турса бир гана санаасы болуптур: «Канткенде алтындарымды көбөйтсөм экен? Өлүмдөн эртеле корккондон эмне чыгат? – дейт оюнда, – Качан өлөрүмдү «даярдан!» деп өлүм мага өзү эскертмек болбодубу. Андыктан ичер суум түгөгөнгө чейин баардык күнөөмдөн жеңилденип, ыйманым таза өлөт экемин» деген бүтүмгө келет.

Читать далее БАЙ ЖАНА АЖАЛ

БААРЫНАН АДАМ КҮЧТҮҮ

Кыштын  күнү  кызыл  кыргоол  жээктеги  бадалдан  койкоюп  чыгып, чаңкаганын жазыш үчүн астындагы чоң сууга кирди. Каптаган көк музду кыдырып  жүрүп,  күбүрдү  араң  таап,  муздак  суудан  иче  баштады. Ошондо булайган куйругу музга чып жабышып, чыкпай калган экен.

Читать далее БААРЫНАН АДАМ КҮЧТҮҮ

БАКА ЖАНА КУМУРСКАЛАР

Бир мезгилде жалгыз бака болуптур. Ал кичинекей тегерек көлдө турчу экен.

Ошол бака тегерек көлүнөн баш көтөрүп секирип-секирип жээкке чыгат, дагы секирип-секирип токойго кирет, дагы секирип-секирип… ошентип адашып калат.

Читать далее БАКА ЖАНА КУМУРСКАЛАР

БУЛБУЛ

Байыркы заманда бир чал булбул менен дос болуптур. Чал мергенчи да, комузчу да экен. Ал ар күнү мылтыгын ийнине асып алып, токойдон кийик  атып келип  оокатын  өткөрөт.  Токойдо  сайраган  түрдүү  канаттуу куштардын  үнүн  угуп,  үйүнө  келгенде  аларды  тууратып  комуз  чертип, түрдүү-түрдүү күү чыгарат.

Күндөрдүн биринде булбул чалдын күүсүнө кызыгып:

Читать далее БУЛБУЛ

БӨТӨН КЕҢЕШ

Бир кембагал уулун ээрчитип шаарга жөнөптүр. Атасы эшекке минип, уулу ээрчип алат.

– Могулардын түрүн көр! Ушундай да болобу? – деди алдыдан кезиккендер.

– Жоругуң жолдо калгыр десең. Өзү эшекке минип, уулун жөө жалаңдатып койгону эмнеси?! Ата болбой куруп калгыр!

Читать далее БӨТӨН КЕҢЕШ

БУРУНДУК КАНТИП КООЗ КИЙИНДИ?

Кыш бою күрөң аюу чээнде уктап жатты. Сары чымчык жаз келгенин кабарлап ырын төгө баштаганда гана ал өзүнө келип, караңгы ийинден каалгып чыгып, алаканы менен күндөн калкаланып, чүчкүрүнүп, өзүнө өзү каранды:

— Э-э-э, мен кандай гана арыктап калгамын… Узак кышта эч бир наар алган жокмун да…

Анын сүйүктүү азыгы – кедр жаңгагы. А эң эле жакшы көргөн кедри өзүнүн эле чээнинин жанындагы алты кулач алп дарак. Бутактары абдан жыш, ийне жалбырактары жибек сымал жалтырайт, анын арасынан тамчы жаан да өтпөйт.

Читать далее БУРУНДУК КАНТИП КООЗ КИЙИНДИ?

БЕРЕШЕН КЕДР ЧЫМЧЫК

Күзгө жуук күрөң аюу өлө семирип, жатып ичер жалкоо болду, жүнү майлагандай жалтырап, көргөндүн көз жоосун алат. Токойдо ал басар-баспас болуп араң эле кыймылдайт, жаткан карагайларды көрсө аттагандан эринип, айланып өтөт.

Токойдун бир жайыгынын ортосунда килтейген кедр[1] өсүп турган. Анын тобурчактары аябай эле салмактуу келип, ошол салмагы кедрдин бутактарын жерге самсаалатып ийип, өзүнчө эле бир башкача.

Читать далее БЕРЕШЕН КЕДР ЧЫМЧЫК

БУГУ ЭКИ КӨЗҮНӨН КАНТИП АЙРЫЛДЫ?

Илгери бугунун төрт көзү бар экен. Ал ошонусуна сыймыктанып, төрт аяктуулардын ичинен эң эле ыкчам жүргөнү менмин деп мактанчу тура.
Бир жолу ошол бугу ат менен кездешип калат да, ага минтет:
— Сен жакшы чуркайсың, бирок баары бир мага тең келе албайсың. Миң чуркасың да мага жетпейсиң!
— Жок! – дейт ат. – Жетем.
— А сен кантип жетем деп атасың? – Бугу таң калат.

Читать далее БУГУ ЭКИ КӨЗҮНӨН КАНТИП АЙРЫЛДЫ?

БУЙВОЛ ЖАНА БАРАБАН

Эки теңтуш жолугуп калат. Бирден кагыштырмай болушат. Бир жерге киришет. Үстөлгө отуруп, бир чөйчөктөн заказ кылышат.

– Э, – дейт бири, – көптөн бери көрүшпөдүк ко. Биз көрүшпөгөндөн бери Неаполдо болдум, несин айтасың, атасынын гөрү. Жолдо катар эмнелерди гана көрбөдүм, акыры таңгалбай да калдым. Шумдук эми.

Читать далее БУЙВОЛ ЖАНА БАРАБАН