Датасы: 17.08.2020
Формат: mp3

Бакыт гүлүн табууга
Тапсак бирге аттанууга
Мени менен калууга
Сен керексиң

Үмүт отун жагууга
Жүрөгүмө чок салууга
Тоңсом жылуу алууга
Сен керексиң

Сезимим сага байлана
Ойлорум сенде бир гана
Бололу бирге дайыма
Сен мага керексиң

Керексиң сен керексиң
Тагдыр берген белексиң
Жаным менен жаныма
Абадай сен керексиң

Бакытыма себебсиң
Бакчамдагы желесиң
Күнөс…….. жаныма
Керексиң сен керексиң

Бирге өмүр сүрүүгө
Бирге ойноп бир күлүүгө
Жетелешеп жүрүүгө
Сен керексиң

Сүйүнүүгө сүйүүгө
Бактым болчу бул өмүрдө
От сезимге күйүүгө
Сен керексиң


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *