Бирге жүрдүк бир далай,
Ал күндөрүм жыргал, ай.
Азыр жоксуң жанымда,
Эңсеп жүрөк кыйнады, ай.
Бирге жүрүп кетип калдың,
Арга канча, арман, ай?
Кайырма:
Кагылайын каралдым,
Кайсы күнү жаралдың?
Жүрөгүмдү эзип кеттиң,
Эми жоксуң, кайдан табамын?
Өмүр гүлү, жан эркем,
Жаштык болот турбайбы.
Ойноп-күлгөн бул дүйнө,
Аздык болот турбайбы.
Жалындаган жаш үмүттү,
Жараткан ой ал бир келсе,
Өтпөй-кетпей турган кылбайбы.
Жалындаган жаш күндөрүн,
Кимдер гана эңсебейт?
Кайрылып ким,
Ал күндөр деп кимдер сүйүп, аны эңсебейт?
Чубак Сатаев — Арман тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2860
Чубак акебиз биздин журогубуздо, ошондой эле Таалай Сатаев мыкты ырчы. Озубуздун Таластан чыккан кыйын кишилер