Алма кайык дегенде, алма кайык,
Айылыңарда кыз барбы мага ылайык.
Айылыңарда кыз болсо мага ыдлайык,
Күйөө бала болоюн бажырайып.
Өрүк, өрүк дегенде, өрүк, өрүк,
Өрттөнөмүн, күйөмүн сени көрүп.
Өрттөнсөм да, күйсөм да сени көрүп,
Олтурасың терезеңде чачың өрүп.
Бийик, бийик тоолорго чыккым келет,
Бийигине кызыгып уйкум келет.
Уктап жатсам жаныма бир кыз келет,
Тал чыбыктай ийилип салам берет.
Дайыр Исмадияров — Алма кайык тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 3098