Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен, айтор бир маймыл болуптур. Бир жолу ал өз үйүн шыпырып атып жерден тыйын таап алат. Аябай сүйүнүп кеткен ал буту-бутуна тийбей дүкөндү карай чуркап, өзү көптөн бери эңсеп жүргөн момпосуюн сатып алат.

Андан соң бийик даракка чыгып, момпосуюн тамшанып жей баштады. Өзүнүн бир орунга тынч отура албаган адаты менен кыйшаңдап атып, бир момпосуюн дарактын коңулуна түшүрүп жиберет. Канча аракет кылганы менен момпосуюн ала албаган маймыл устага чуркап барды.

— Уста аке, мага балта жасап берчи, даракты кыйып анын коңулундагы момпосуюмду алып алайын.

— Бир момпосуюңду алыш үчүн балта жасап, чоң даракты кыясыңбы? Андан көрө мен сага тыйын берейин ошондой эле момпосуй сатып ал.

Куу маймыл тыйынды алганы менен ага момпосуй албастан королго барып мындай деди:

— Король, устага буйрук берип, мага балта жасатып берчи, даракты кыйып анын коңулундагы момпосуюмду алып алайын.

— Эмне үчүн сен момпосуй үчүн тынчымды аласың? Андан көрө мен сага акча берейин, момпосуйду тоюшуңча сатып алчы.

Маймыл акчаны алып королевага барды.

— Королева, мен айткандай жасатып, дарактын коңулунан момпосуюмду алганыма жардам берчи.

Королева да король менен устадай кылып ага акча бердирип, аксарайдан чыгарып жиберди. Маймыл акчаны алды да, аны жакшылап катып чычканга келди.

— Чычкан, королеванын кийимдерин жеп, менин айткандарымды кылдырчы.

Чычкан да ага тыйын берип, өзүнө жолтоо болбосун өтүндү. Маймыл чычкан берген тыйынды акчасына кошуп мышыкка келип чычкандын үстүнөн арызданды.

— Мышык, чычканды кармап менин ишимди аткартчы.

Мышык да ага тыйын берип, жанына жакын жолобоосун өтүндү.

Маймыл итке барып өзүнүн тилин албаган мышыкты жазалоосун суранды.

— Ит мышыкты кармап, менин ишимди кылдырчы.

Ит дагы ага момпосуй сатып же деп акча берип, кубалап жиберди. Маймыл акчаны алганы менен иттин айтканын жасабай түз эле таякка барып арызданды.

— Таяк, итти урчу. Ал менин өтүнүчүмдү аткарбай жатат.

Эмне үчүн антип суранганын уккан таяк маймылга тыйын берип узатып койду. Маймыл акчаны аларын алганы менен таяктын үстүнөн арызданып отко барды.

— От, таякты күйгүзөм деп коркутуп, менин айтканымды кылдырчы.

— Ме момпосуюңду сатып жеп, менин башымды оорутпай ары барчы!- деп от маймылга акча берип жанынан алыс кууп салды. Маймыл акчаны алаарын алганы менен оттун үстүнөн арызданып сууга барды.

— Суу, суу отту өчүрчү, анткени ал менин айтканымды жасабай жатат.

— Ошол эле жетишпей жатты беле?- деп шаркыраган суу маймылга тыйын берип өзүнөн алыс болуусун буюрду. Маймыл суунун үстүнөн арызданып букага барды.

— Бука, сууну ичем деп коркутуп, менин айтканымды жасатчы.

— Ме сага тыйын, ошол момпосуюңду сатып жеп, менин оттогонума жолтоо болбочу.

Маймыл буканын тыйынын алганы менен анын үстүнөн арызданып дыйканга барды.

— Дыйкан, буканы союп алчы, анткени ал менин айтканымды аткарбай жатат.

— Маймыл, менин ансыз деле ишим көп, андан көрө акча берейин момпосуюңду сатып эле жечи.

Маймыл акчаны алганы менен дыйкандын үстүнөн арызданып өлүмгө барды.

— Ажал, дыйканды өлтүрчү. Анткени ал менин өтүнүчүмдү аткарбай жатат,- деп болгон чоо-жайды түшүндүрүп бергенде өлүм:

— Күтүп тур азыр келем,- деп дыйканга барды.

— Мени өлтүрбө!- деп кыйкырып жиберди киши.

— Анда сен буканы өлтүр!

Дыйкан бычагын көтөрүп жайыттагы букага жетти.

— Мени өлтүрбө!- деп мөөрөп жиберди бука.

— Андай болсо сууну ич!- деди дыйкан.

Бука суу боюна жүгүрүп барганда ал коркконунан жалдыраган түрдө шылдырап жиберди:

— Мени ичпе!

— Андай болсо отту өчүр!

Суу аккан бойдон отко жетти.

— Мени өчүрбөчү,- жалдырап жиберди от.

— Андай болсо таякты күйгүз!

От таякка жетип күйгүзмөк болгондо ал жан соога сурады.

— Мени күйгүзбө!

— Андай болсо итти ургун.

Таяк итке жетип чапмакчы болгондо ал кыңшылап жиберди.

— Мени урбачы.

— Андай болсо мышыкты карма.

Ит мышыкты кубалады. Мышык иттен суранды.

— Мени кубалабай эле койчу.

— Андай болсо чычканды карма!

Мышык чычканды кармамакчы болгондо ал чыйылдап жиберди.

— Мени кармабачы.

— Андай болсо королеванын көйнөктөрүн же.

Чычкан королеванын сандыгына жеткенде ал кыйкырып жиберди.

— Кийимдериме тийбе!

— Андай болсо королго айтып, ал устага балта жасаттырып берсин.

Королева бул тууралуу королго айтып, ал устага буйрук берип балта жасаттырып, маймылга берди. Маймыл устанын эмгеги үчүн бүт чогулган акчасын берип, барып даракты кыйып, жарып анын коңулундагы момпосуюн алып жеди.

Ошентип маймыл балталуу болуп, арызданып ар кимге чуркабай, отун даярдап сатып, өз күчү менен оокат кыла баштап, ак эмгектин натыйжасында адамга айланып кеткен дешет.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу кыз жомок48
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу балдар31
Көмөч нан (колобок) жомок28
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *