Арстан, карышкыр жана түлкү

Бир күнү түлкү менен карышкыр кетип баратат.  Алдынан арыстан чыгып, тигилерге айтат:

– Келгиле, дос бололу, үчөөлөп бирге аңчылык кылалы, тапканыбызды тең бөлөлү.

Карышкыр ойлойт: «Кандай жолдуумун! Арыстан төрөнүн өзү менен достошом! Бирге аңчылык кылабыз! Акыры ачка калбайт экем, андайдан кутулдум!

Анан айтат:

– Сени менен достошуп, бирге аңчылык кылганга өтө кубанычта болом, урматтуу арстан!

Түлкү ойлонот: «Арыстан төрө менен бирге аңчылык?.. Жо-ок, мындай достуктан оомат болбос». Карышкырга акырын шыбырайт:

– Күчтүү менен алсыздын достугу алсызга пайда алып келбейт. Кереги жок карышкыр, достошпой эле коёлу.

Бирок карышкыр арыстан төрө менен достошууну өтө каалады, түлкүнү да көндүрдү, анан үчөө аң уулап кетти. Ал күнү бугу, эчки менен коён кармап, олжолуу болушту.  Арыстан айтты:

– Эми олжону бөлүшөлү. Мейли, карышкыр таратсын.

Карышкыр ага ишеним көрсөтүп жатканына кубанып, мындай деди:

– Сен төрөм, баарынан чоң, баарынан күчтүүсүң, сага бугу тийсин, эчкини мен алайын, коён – түлкүгө жетет. Карышкыр арыстанга жакын басып келди. Ал аны мактайт деп ойлоду.

Арыстан айкырып жиберди:

– Мага, эң чоң, эң күчтүү деп жалгыз бугуну бердиңби? Мындайды келесоо карышкыр, сага ким үйрөттү?

Ошентип карышкырдын белин үзө чаап салды.

– Эми түлкү, сен бөлүштүр, – деди арыстан.

– О, теңдеши жок төрөм, — деди түлкү, — мунун эмнесин бөлөбүз? Бул жөн эле да: бугуну азыр жеп, анан эчки менен түштөнүп, кечинде коёнду жеп аласың!

– А сен түлкү, акылдууу экенсиң, – деди арыстан.

– Сага бул акылды ким үйрөттү, устатың мыкты болсо керек?

– Менин устатым бул аңкоо карышкыр, – деди да түлкү жалт берип бадалга кире качты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.