Айтчы элең го
Жайдарым мүнөзүң жанга жакканын
Айтчы элең го
Абадай керексиң деп ак таңым
Жүрөгүм сүйүп сүйүп сүйүп
Өзүңө көнүп калган
Күйүп күйүп күйүп
От болуп бара жатам
Сүйүп сүйүп үмүт
Үзүп кантип жашайм эми мен
Кайырма:
Жүрөгүм ай
Сен жүрөгүмдү аябай
Жүрөгүм ай
Кеттиң артка карабай
Жүрөмүн ай
Ак сүйүмдү калкалай
Жүрөгүм ай
Кеттиң кантем айлам ай
Айчырайым
Көзүмдүн алдында турат дагы эле
Шамчырагым
Жан дүйнөм кучагын жайган эле
Жүрөмүн күтүп күтүп күтүп
Карагат көздөрүңдү
Күлүп күлүп күлүп
Сүйлөгөн сөздөрүңдү
Билип билип билип
Байлап алдың көңүлдү