Турмуш деген татаал жол досум
Ал жолдордо калыс бол
Көрө албаган ичи тар досум
Адамдардан алыс бол
Байлык кийип беш күндүк досум
Ыйман менен шерип бол
Жаратканды тааныган досум
Акыреттик досум бол
Кайырма
Жөлөк болуп турмушта
Өргө тартчу жан досум
Акыретке бейиштик
Кошуна бол кан досум
Төш карышчуу аңташкан
Сөзүнө бек шер досум
Дүнүйө эмес ыйманга
Бай бололу кел досум
Пайгамбар айткан аманат досум
Кыянат кылып жүрбөйлү
Жүрөктөргө так калтырып дос
Көңүлдүн жибин үзбөйлү
Аңташкан шеркти сактайлы досум
Сыноолоп сынып чөкпөйлү
Бул өтөр жалган дүйнөдө досум
Сыйлашып өмүр сүрөлү