Датасы: 30.03.2022
Формат: mp3

Жашоодо канча адам, сырлары ачылбады
Көңүлдө арзуунун да, эсеби айтылбады.
Армандар букка толуп, көздөн жаш тамчылады
Тагдырдын сыноосунан, канча адам жабыркады.

Кайырма:
Тагдыр, тагдыр
Эмнеге аябайсың.
Тагдыр, тагдыр
Жандарды табалайсың
Бир күнү сыздатып,
Бир күнү кубантып
Жогу жок калтырбайсың.

Кээ бири жашап жүрөт, кубанычы чектелбеген
Кээ бирлер кайгы тартып, тагдыры тепселенген.
Бириси жолун таппай, максатына жетпеген
Эх өмүр, ошентсе да, таттуусуң ченелбеген.

Кайырма:
Тагдыр, тагдыр
Эмнеге аябайсың.
Тагдыр, тагдыр
Жандарды табалайсың
Бир күнү сыздатып,
Бир күнү кубантып
Жогу жок калтырбайсың.


Данияр Эрматов Тагдыр жаңы клип 2022

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *