Экөөбүздүн бактыбыз бекен
Байлануу бекен
Мен деп соккон жүрөгүңдөн
Айланып кетем
Сиз деп турган сөзүңө жаным
Арбалып кетем
Махабаттын күчүнө кээде
Таң калып кетем
Кайырма
Жаным тат тат таттуусуң
Жаным мага ак куусуң
Тапшырдым сени кулпулап
Жүрөгүмдүн ачкычын
Мен дарыя сен менин жаным
Болуп толкунум
Сен жанымдан алыстай калсаң
Сезем жоктугуң
Мен түн болсом жанган асманда
Жарык айымсың
Кубанычым кайгым баарына
Өзүң дайынсың