Өкчөлгөн турмуш кээде айкүр, кээде таа конот,
Буйруган жашоо бирде сылап, бирде толгоп коёт.
Кантмек элек тагдыр болсо,
Кантмек элек жазып койсо.
Кайырма:
Тиричилик, тиричилик,
Өтө берет, өтө берет чимирилип.
Тиричилик, тиричилик,
Болот анда жаңылыштык, пендечилик,
Пендечилик, койсок кантет аны кечиришип.
Өкчөлгөн турмуш кээде айкүр, кээде таа конот,
Буйруган жашоо бирде сылап, бирде толгоп коёт.
Кантмек элек тагдыр болсо,
Кантмек элек жазып койсо.