Жагымдуу көздөрүңө көңүл бурам,
Жан эргип кубанычка балкып турам.
Качанкы ак сүйүүмдү эске салып
Көңүлүм сен тарапка тартат улам
Кайырма:
Ак сүйүүдөн алоолонуп чачкан жалын,
Аман жүрчү, асыл кечим, асыл затым.
Айлап, жылдап ашыктыгым арта берсин,
Атын айтпайм ал адамдын, айтпайм атын.
Комузду коштоп ырга салайынчы,
Колумда кызыл гүлдөй жайнайынчы.
Аскалуу бийик зоодо турсаң дагы,
Азапка башты байлап барайынчы.
Кайырма:
Жалындап кайра дагы жаралбаймын,
Жашоодо сендей жанды таба албаймын.
Өтүнөм кабыл алчы ак сүйүүмдү,
Өмүрдүн калган күнүн сага арнайын.
Динара Акулова — Атын айтпайм тексти
Датасы: 24.09.2020 Көрүүлөр: 486