Сагындым сизди, сагынган менче болбостур,
Сагыныч мыжып, жүрөктү эркин койбостур.
Сагындым сизди, күз түнөп калган жүзүңө,
Мүнөзү токтоо, күмүш чач менин жан досум.
Сагындым сизди, энесин күткөн баладай,
Сагындым сизди, жашыңыз канча карабай.
Күткөндөр күтөр, аз эле күтөр көп болсо,
Менчелик сизди күтпөстүр эч ким тажабай.
Ишиңиз татаал, Жараткан аны колдосун,
Сүйгөндү билсе, сүйүүдөн эрийт коргошун.
Сүйүүгө сиздин убакыт жогун билсем да,
Сагындым сизди, сагынып жүрөм, жан досум.
Элмира Кайып кызы — Мендеги сагыныч тексти
Датасы: 14.10.2020 Көрүүлөр: 2518
Жакты. Созу сонун экен.
Катасы жок эң сонун ыр журөгум толкуп кетет бул ырды укканда
Катасы жок эң сонун ыр журөгум толкуп кетет бул ырды укканда
Бул ырды жан дүйнөмдү бөлүп угам
Эн сонун мазмуну жакты атин арман эрте кетти жаткан жери жайлуу болсун Эн мыкты ырдачу эле