Алсырап жатты бир кары
Бүгүн кирди күн батып.
Жылдыз толуп, эл жатып
Эмне да иштер болгонун
Ошондо билди эс алып.
Жаш күлүгү Койгүрөң
Жанында турат баш салып.
Көкүрөктө сыр найза
Көөдөндө турат капталып ой.
Жыгылганн эстеди
Жылдыз толгон маалында
Көзүн ачып караса
Койгүрөңү турат жанында
Аттанаар жакта үзөнгү
Артылып калган жалында
Сакалдырык салгындуу
Жүгөнү турат башында
Байлап койгон немедей
Басып өттөн кете албай
Окурунат жаныбар
Оозу чөпкө жете албай
Ай Койгүрөң кантейин
Сен да кылдың жаштыкты
Аттын баары тору ат деп
Аны ойлошуң мастыкпы
Кана деле кайра кетирбей
Калмактан гана болгон мастыкты
Кана деле эрдик баатырдык
Кан жөткүрүп жаттыкпы
Аттайм деп ай кош аңдан
Айып кылдың Койгүрөң
Алдырып колдон намысты
Айып кылдың Койгүрөң
Эки жуумар Телторду
Тегиз мүчө кең соору
Теңдик бербей кууганда
Тебелетип көк жону
Октусу терең кош аңдан
Коендой ыргып өтчү эле
Кадырдан эми билинди
Качканды кууп жетчү эле
Темселеп ээн талаада
Же телмирип өлчү мен белем?
Тең келчү экен душманга
Телторум атым сен белең?
Өзүнөн кубат күч кетип
Өлгөнү турат мүрт кетип
Ооруган жерин карманып
Окуп жандан мүлк этип
Кара жолдо узап элеңдеп
Каранып эле улам элеңдеп
Казылган ийин жыраңдан
Кармалап өтөт чеберлеп
Жатындашың болбосо
Жагынышың бекер кеп
Жалгыз жоого барам деп
Кашынышың бекер кеп
Же башыңды жөлөөр балаң жок
Бакырып ыйлаар агаң жок
Байкуш жан өтүп кетээр деп
Ыйлап жатат эр жалгыз
Оопасыз дүнүйө бекер деп
Ала кетем ата барам деп
Балам айтса, көнбөдүм
Элсиз калдым талаада
Ээрчитип неге келбедим
Өзүм жалгыз барам деп
Ушу экен да көргөнүм
Ала келсем баламды
Болбойт беле кашымда
Арылтпайт беле көзүмдүн
Аккан кандуу жашымды
Өксүп ыйлап «аталап»
Жөлөбөйт беле башымды
Улабайт беле көөнүмдү
Сурабайт беле жөөнүмдү
Итке, кушка жыттатпай
Кыяматта сыздатпай
Жашырбайт беле сөөгүмдү
Каркылдап учкан карга жок
Кантейин менде арга жок
Ай талаада каламбы
Ага-тууган элде жок
Жата бербей талаада
Жашынсам далдаа панаага
Жамбаштап жылаар бекенмин
Жанала кылбай нетемин
Кара жолдун боюнда
Кан эткенде жетемин
Жол боюна жыгылсам
Жолоочулаган жан келээр
Жайдын ыраң отуна
Жайылып чыккан мал келээр
Жарадар ай болгон шордууга
Жарты да болсо нан берээр
Өткөн, кеткен көрөөргө
Өлүп кетсем көмөөргө
Кербендер өтөөр чоң жолдон
Кездеме жүктөп төөлөргө
Кетпейм бекер таланып
Кеч калган бөрү, чөөлөргө
Өлө -тала жылайын
Өлбөстүн камын кылайын
Кайрат кылып чыдайын
Кандай арга кылайын
Кан жуткуруп коерду
Калам да жазса кудайым
Көтөрүлөөр бекем деп
Көкүрөгүм ыргады
Козголушка күч келбей
Колу бутум чырмады
Ошта ноосу кыпчылып
Коркурап калат ынтыгып
Араң барат Курманбек
Алаканы көчүк жыртылып оой
Жүрөк мыкчып ыйынып
Жүз албанга сыйынып
Төрөгөн койдой чиренип
Бутту сунуп жиберип
Алакан менен таянып
Көчүк менен жай алып
Жылып барат Курманбек
Эки ийин менен дем алып
Тынып барат Курманбек
Ошого да шүгүрлүк
Кылып болот Курманбек
Капталын коюп жамбаштап
Каруусу кетип алдастап
Жан кыйналып, тер басып
Жай алалбай далбастап
Кара кан агып сызылып
Кансырап өңү бузулуп
Бир чымындай курган жан
Чыга да көрбө кысылып
Керге да келсе жыгылат
Кемерге келсе тыгылат
Өгөлгөн курду ат болот
Өйкөп да ооруп ныгырат
Ажалдан мурда өлдүм деп
Ай-талаада чыңырат
Караңгылык элсиз деп
Мунун кайгырганын ким угат?
Эңишерлик жер келсе
Эт-бетинен куланып
Эс акылын жыя албай
Эки бет кетет кубарып
Жай алганча жамбаштап
Жатып калат суналып
Ааламды күңүрт боз жарып
Айнектей көзү тунарып
Кош таноосу кыпчылып
Куркурап эле калат ынтыгып
Аргасыз шордуу жол тандап
Алдыны көздөй ынтыгып
Акырын жол табып
Аста секин жан багып
Алды-артын сыйпалап
Аң бекен дем кол салып
Кара жолдон узак белең деп
Каранып коет элеңдеп
Казылган ийин жыраңдан
Кармап бир өтөт чебердеп
Таң сүрүлүп атаарда
Тараза жылдыз батаарда
Жол боюнда жетсем деп
Жолго чыккан жатаарда
Эски арыктын жүлгөсүн
Бойлоп келет Курманбек
Эликти көргөн мергендей
Сойлоп келет Курманбек
Эсен-аман келишти
Ойлоп келет Курманбек
Капталдап жылып баратып
Калат деп ай эми таң атып
Кемерче жарга туш болду
Келатып жолдон адашып
Капталда кемерче жарга
Кандай гана болот эми арга
Кулачтап өтөм дедиби Курманбек
Куланып кетти чоң аңга ооой!
Эмикемдин булбулдай уну эч очпойт!
Эң Сонун агайым 100 днген баа койом
Бок
Текст чыгарып коюнуздарчы сураныч
Л
Абдан