Жылдыздай жанган жамалың.
Бир көрүп сүйүп калгамын.
Каухардай кара көзүңө.
Мен жипсиз байландым, сүйүүм арнадым.
Жалооруп мени аябай.
Кеткенсиң сүйүүм баалабай.
Арманым болуп жүрөктө.
Жашадың бир далай, бир далай.
Өкүнбө өткөн күнгө.
Өкүнгөн болбойт өмүргө.
Ак сүйүүм жоопсуз калган.
Мен сени сүйгөн күндөрдө.
Өкүнбө өткөн күнгө.
Өкүнгөн болбойт өмүргө.
Өзүңдү унутканмын.
Сүйбөймүн эми сүйкөнбө.
Жазылган тагдыр маңдайга.
Качабыз андан биз кайда?
Кайрылып кайра келгениң.
Түшүнөм кантип мен, садага?
Бактымды таптым башкадан.
Эч кимге аны алмашпайм.
Сүйүүсүн мага арнаган.
Ал пери садагам, садагам.
Өкүнбө өткөн күнгө.
Өкүнгөн болбойт өмүргө.
Ак сүйүүм жоопсуз калган.
Мен сени сүйгөн күндөрдө.
Өкүнбө өткөн күнгө.
Өкүнгөн болбойт өмүргө.
Өзүңдү унутканмын.
Сүйбөймүн эми сүйкөнбө