Жагалмайдай кайкып учуп бара албай,
Жаш жүрөккө жагар дары таба албай.
Ак кептерим, түтөбөйүн арманга,
Кучак жайып, кумар жазып кала албай.
«Күйсөң күй» деп кашты серпип күлгөнүң,
Жанымды өрттөп, жал-жал карап жүргөнүң.
Мынча эмне түлкү куумай ойноттуң,
Айтчы деги анык беле сүйгөнүң?
Эми качан сыр түйүнүн чечесиң,
Кайсы күнү колдон кармап кетесиң.
Көрүшпөштөй келбес сапар тартсаңда,
Кантип деги кадырлашпай кетесиң.