Уйкуман серпилгенде алыс жактан,
Айылдын ак таңдары эске келет.
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп,
Көңүлүм өскөн жерге имерилет.
Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип,
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн.
Апалар таңда туруп уй сааганда,
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн.
Туулган жер, кудуретиң сагындырып,
Элесиң көз алдыма мелт-калт этет.
Айылыма өзүм жетпей, оюм жетип,
Yмүтүм закымдарга батып кетет.
Аябай сонун ыр
Сонун ыр экен
Сонун ыр мен уккан сайын ыйлагым келет
Оваа абдан жагат ушул ыр туулган жеримди сагынганда ырдап угуп турам
Же жакшы во мен учун
Жакшы ыр абдан жагат мага
Менин журогумдун гимни,акырын ун кайрыганда кыргызымдын айылы,жер эненин кучагы
Туура мага жагат
Абдан жашат
Эн мыкты
Бул ырдын сөзү обону кимге таандык
Соонун мага жакты
Ырдын баштапкы текстинде мучулуштуктор бар.Кеч болсо да тексттин автору ондоп,тузотуулорду киргизсе, мындан дагы уккулукту ыр болот эле..!!
..серпилгенде эмес,- ойгонгондо..,..ак шокумдан эмес,-ак шооладан.., Бетинде жылдыз очот бийик коктун эмес,-.Агарып барган сайын жылдыз очуп..,кудретин эмес..,элестерин..,умутум эмес,- сагынчым..,-деген озгортуп , толуктоолорду киргизсе ото мазмунду ыр болот эле..!!