Өзүндү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүнө көңүлүмдү түздөп жүрөм
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келээр бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабаймын.
Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.
Гүлбү Ороскул кызы — Издеп жүрөм тексти
Датасы: 02.11.2021 Көрүүлөр: 12097