Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Баланы кимдер сүйбөгөн,
Бапестеп багып күйбөгөн.
Баласы үчүн жок чыгар,
Башына азап үйбөгөн.
Тумоолоп калса баласы,
Түгөнөт экен аргасы.
Берүүгө даяр жанын да,
Болсо эгер анын айласы.
Кызыгы болбос дүйнөнүн,
Кыйналып бала бакпаса.
Унутат кыйын күндөрүн,
Эмгегин уулу актаса.
Элжиреп ойлоп күнү-түн,
Эртеңден үзбөй үмүтүн.
Ээси болуп жашоонун,
Эне-ата жашайт бала үчүн.
Балдарым — менин кымбатым,
Балдарым — менин сырдашым.
Жаралбай калганда алар,
Жашамак беле кур башым?
Бала деп согот жүрөгүм,
Бала үчүн жашап жүрөмүн.
Бел байлап мындан ары да,
Бала үчүн өмүр сүрөмүн.
Бассам да, турсам тилегим,
Балдарга өмүр тилеймин.
Баарынан күчтүү сезим бул,
Бала сүйүү деп билемин.

Гулнара Кахарова Балама тексти: 30 комментарий

  1. Мага аябай жагат,издеп кирдим эле ырды.Гүлнара Кахарованын өзүн да аябай баалайм, мээримдүү эне,бар болуңуз

  2. Саламатсызбы,бул ырдын автору мен.Сиз бул ырды кайдан алдыныз?Келе жаткан жаны жылыныз менен! Сизди урматтоо менен Мөн Мукамбетова Анарат:0709597352

  3. Мен бул ырды жакшы кором,азыр баламдан ажырап калгандан кийин озумда ырдагым келип калды,анткени мааниси терен,журокко жакын,балага татыктуу ыр

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *