Керилген бир керме тоодон керегеси,
Көпкөк асман түндүгү да, терезеси.
Жабуулары, үзүктөрү ак булуттан,
Жерим менин ак боз үйдөй керемети.
Кайырма:
Кайсы жерден болосуң деп сураба,
Кандай элден экенимди сынаба.
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп,
Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп.
Чалкып жаткан ай-асмандан кең көрүнөм,
Шаңшып учкан ак шумкарга тең көрүнөм.
Ал анткени турпагыңа бутум тийип,
Ата Мекен, сенде жашап, сенде жүрөм.
Кайырма:
Гүлнара Тойгонбаева — Мен кыргызмын! тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 1311