Ырдап койчу добушуңду угайын,
Сен ырдасаң мен кубанып турайын.
Карай берип көздөрүңдү канганча,
Кубат алып кумарыңа тунайын.
Ырдап жатып бир көз кысып койбосоң,
Кантмек элем, кала берем,
Кала берем муңайым.
Ырыңды уккам, эми өзүңдү көрөйүн,
Кыялдана аба жирей жөнөйүн.
Тааныша алсаң түбөлүккө кол сунуп,
Таалайыман тартуу кылып бөлөйүн.
Абалыма анча көңүл бөлбөсөң,
Амал канча, тагдырыма көнөйүн.
Кана, курбум, күндөй жаркып ырдап кой,
Көңүл эргип, толкундасын, жыргап бой.
Кабарыңа ашык болгон бир жанга,
Күчүң жетсе, кашың серпип ымдап кой.
Жашоо үмүт, кубанычта өтсүнчү,
Жалын менен жүрөгүмдү сырдап кой.
Ырдап кой.
Гүлнара Тойгонбаева — Ырдап кой тексти
Датасы: 26.10.2020 Көрүүлөр: 173