Элибизге мейман келсе,
Жайылат ак дасторкон.
Дүйүм тамак, шербет мейиз,
Дасторконго жык толгон.
Кыргыз пейили тоодой бийик,
Көлдөй таза, туптунук.
Колдо барын төгүп салып,
Аябагын достордон.
Кайырма:
Дасторконду кенен жайгын,
Күлкү болсун, ыр болсун.
Бабалардан калган мурас,
Келе жатат бул жосун.
Элге-жерге берсин бакыт,
Кут төгүлгөн береке.
Умай эне, Теңир ата,
Урпактарын колдосун.
Дасторкондун даамын сызып,
Көтөрөлү көңүлдү.
Ынтымагы болсун дайым,
Болсун элим өмүрлүү.
Намысыңды дасторкондой,
Кирсиз, таза сактагын.
Арам ойлуу адам келсе,
Тебелетпе төрүңдү.
Кайырма:
Тенир ата,Умай эне урпактарын колдосун!
Келесо окшойсун)
Өтө мыкты
Жинди окшойсун
Мага жакты
Таалайбекова Айназик Чынгызбековна биз тушум майрамга ырдайбый чон ырахмат
Мага ыр аябай жакты
Мага да бул ыр абдан жакты
Мага жакты соонун ыр экен
Өтө мошный мен ушуну ырдайм
Мага жакты
Мага айааааааабай жакты бугун буну жатаганатканабыз
Ката
Мага жакты соонун ыр экен
Сонун мектепке тушум майрам га ырдайбыз
Эн мыкты алтын кузго ырдайбыз
Отооооо Соонун
Автору ким же ыр элдикиби?
Ыр элдикиби же конкреттүү автору барбы?